Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” боюнча: “Центерра” ишкананы токтотом десе, өкмөт эмне кыларын билбей элеңдеп калды”

Өмүрбек Текебаев парламенттин 11-июндагы жыйынында “Кумтөрдүн” ишин токтотууну айтып чыккан “Центерранын” аракетин кескин сындады. Депутат бул боюнча “Ата Мекен” фракциясы кабыл алган чечимди депутаттарга жарыялады.

“Биз мөңгүлөрдү талкалоого жол бербейбиз, ошондуктан өкмөткө “Кумтөрдө” тоо иштерин жүргүзүү планын бекитпөө сунушун бердик. “Центерра” азыр мамлекетти түз коркутууга өттү. “Биз кетип калабыз, мөңгүлөр көчүп түшүп, силер иштете албай каласыңар” деп шантаж кылууда. Алар ишкананы жөн эле токтотуп кетип калбашы керек. Мен сунуштаган мыйзам ушул үчүн жазылды. Эгер таптакыр болбой эле ишкананы токтотобуз десе, анда консервация кылсын. Бизден каткан 500 миллион доллары бар, ошол акчасы менен ишин баштай берсин. Дамбаларды куруп, ишкананын айланасын тазалап, техникаларды майлап, даярдап кампага тизип койсун. Ишти андан ары улантып кеткидей шарт болушу керек. 

Бул иштер бүткүчө кеминде жарым жыл убакыт керек, бул учурда бизде улутташтыруу мүмкүнчүлүгү болот. Алар “Кумтөрдө” иш токтойт десе, өкмөт эмне кыларын билбей элеңдеп калды. Биз өкмөткө дем бербесек, алар биротоло чүлүктөп алчудай. Биздин фракция ушундай чечимге келди”,- деди Өмүрбек Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан