Польшада Лениндин заара кылып жаткан айкели орнотулду

9-июнда түн ортосунда Польшанын Краков шаарындагы "Жаңы Гута" аянтына дүйнөлүк пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин заара кылып жаткан айкели орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, айкел ачык жашыл түстө. "Келечектин фонтаны" деп аталган бул айкелдин автору азырынча ачыкка чыга элек. Айкелди көргөндөр ар кандай абалда калышууда. Кээ бирлери заара кылып жаткан лидерге күлүп жатышса, кээси Октябрь революциясынын жол башчысын маскаралоо катарында кабыл алышууда.

Белгилей кетсек, бул жерде мурда 1989-жылга чейин дүйнөлүк пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин эстелиги бар болчу. Аны советтик режимге каршы жаштар талкалап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
kama_future_millioner
2014-06-11 19:18:58
Автору ким экен копко жашабайткоо билинип калса
0
zman53
2014-06-11 19:51:37
Поляктар бирди коргону калган го.
0
wizard
2014-06-11 20:18:53
Ленин каапыр,бизге капырлык ты бузукулукту уйротуп кетти
-4
Narynbek
2014-06-11 21:58:28
Ленинге чейин бузукулук жок беле.Ленин бизге жыргал жашоону алып келди.Адамзаты дагы деле шүгүр дебейбиз да.Илгерикидей бай-кембагал жок.Кулчулук жок.Бул да болсо Лениндин эмгеги.Поляктар өзүнүн эң төмөнкү маданиятуу экенин көрсөтүшүптүр.
-1
nurru
2014-06-12 10:40:13
Narynbek, эмне ленин бардык жерге тегиздикти орноттубу дейсинби эч качан керек болсо ленин биздин ата энелерди согушка барган чон аталарды кандай кыйнаганын билбейсинда анан ленин дейсинер кайдагы ленин болгону ал бир мафиоз болчуда аны бир жолу пир тутуп алып сынарда. Тегиздикти орноткон пайгамбарыбыз болгон
+1
abaychik
2014-06-15 22:51:00
nurru, мафиоздун жанында кошо жүрдүң беле? Кайсы согушта сенин чоң атаңы кыйнады эле, Ленин бүткүл дүйнөгө теңчиликти алып келген.
0
abaychik
2014-06-15 23:10:52
nurru, Ленин Кремлде олтурган князь менен сен экөөбүздүн тоодо мал багып жүргөн чоң аталарыбыздын укугун бирдей кылып койгон, орустун байлары кыргызды кырып жерин басып киргенде Ленин токтотуп баарына теңчилик алып келген.
0
aza_74
2014-06-11 22:00:49
Ленин -басып баратып заара кылган бекен?
+1
maksnarin
2014-06-11 23:38:26
Кыргызстанда болсо эринбей озум авторун таап,башына жаба заара кылат элем,Ленин дуйнону озгортпосо экоон журмоксун тоонун чокусунда мал кайтарып,а Кыргызстандын жыты жок болмок,тарыхты окугула тамтандабай;>
+3
samar55
2014-06-12 00:43:37
maksnarin, Туура айтасын толугу менен сага кошулам Ленин болбогондо балким эмгиче кыргыз эли болот беле же дунган .уйгур сыяктанып таланып тонолуп .болунуп жок болот беле.
-1
nurru
2014-06-12 10:41:45
samar55, эч качан озунду ХХХ ойлосон керек сеен биздин чон аталар анчалык ХХХ эмес эле
0
admin_portal
2014-06-12 11:09:24
nurru - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
777bek
2014-06-12 09:29:46
maksnarin, Туура мен да ошол авторго "сонун" белек кылмакмын оор жагы менен
0
nora00
2014-06-12 10:00:20
ХХХ поляктар мазактаганыго бул,тооба тан каласын адам
0
admin_portal
2014-06-12 10:17:09
nora00 - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-2
nurru
2014-06-12 10:42:59
молодцы
-1
arena2014
2014-06-12 20:39:21
Путин унчукпайт бекен эми?
0
WINNER
2014-06-15 22:44:31
Чын Путин аке унчукпай калабереби? Эми Горбачевдун "олтурганында" жасап алышпаса эле.
0
admin_superstan
2014-06-15 23:36:11
abaychik, жеке билдирүүнү купуя менен жазабыз.
Мазактоодон алыс болуңуз!
0
Aikoo2014
2014-06-17 12:53:37
Эмне мааниде тургузганын билбедимго,бирок уят эле. Авторуда копко барбайтко,арбагы урбайт бирок Лениндин муундары урат болуш керек.
0
sanzhar83
2014-08-29 17:27:40
Негизи биздин мамлекет болуп калыртануубузга орустардын эбегейсиз чон, салымы бар, ошондой эле европанын дагы бир топ мамлекеттерине оз алдынча жашап калуусуна орустар туз-туз жол ачкан, бирок азыр заман озгорду, орустар дагы озгорду, россия саясий жана экономикалык демократия боюнча онуккон башка мамлекеттерден артта калды, анын натыйжасында коптогон орустар алкаш жана жарды жашап калды, аны тушунгон коптогон мурдагы россияга дос болгон европа мамлекеттери россиядан алыстап кетти.
+1
sanzhar83
2014-08-29 17:32:37
Биз дагы урматту кыргыз эли россия деп эле орустарга коп жан тарта бербешибиз керек, касташпасак дагы достук мамилебизди абдан кылдат жасашыбыз керек. антпесек орустар ачык айтпаганы менен озунун империялык саясатын кучотуп келатат.
+1
Gaydana
2014-11-05 15:05:28
Ленин экенин эске албай туруп,караганда деле маданиятсыздык. Кээ бир нерселер жонундо унчукпай койсок жакшы болот эле. булар эстелик тургузушуптур,кимдир бироо заара кылганды унутап койсо деген ойдо го)))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан