Жоомарт Оторбаев камактагы Ахматбек Келдибековдун тагдырын сот чечерин айтты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 11-июнда Алайда жолдун тосулушуна нааразы болуп Ош облусунан келген өкүлдөрдү кабыл алды. Сүйлөшүүдө депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын аракеттери, алардын талаптары талкууланганын өкмөттөн билдиришти. Оторбаев нааразычылык акциялары мыйзам чегинде өтүшү керектигин белгилеп, Ош – Эркеч-Там трассасынын тосулушу экономикага олуттуу зыян алып келип жатканын айтты. “Биз нааразычылык акциясына чыккандар менен конструктивдүү сүйлөшүү жүргүзөбүз жана кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылабыз”,- деди Оторбаев.

Премьер-министр камактагы Ахматбек Келдибековдун тагдырын сот гана чечерин, сот системине эч ким кысым көрсөтпөшү керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан