Оштон келгендер Алайда жол тоскондордун ичинде аймакта тополоң чыгаргысы келгендер жүргөнүн өкмөт башчыга айтышты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Алайда жолдун тосулушуна нааразы болуп Ош облусунан келген өкүлдөрдү кабыл алды. Жолугушууда өкүлдөр Алайда Ахматбек Келдибековдун ден соолугуна чындап тынчсыздангандар менен бирге депутаттын атын пайдаланып өлкөдө тополоң чыгарууга кызыкдар адамдар бар экенин айтышты. Парламенттеги ар бир фракциянын өкүлдөрү митингчилер менен сүйлөшүүгө барышы зарыл экенин да айтышты.

Жоомарт Оторбаев өкмөт жакын арада Алайдагы кырдаал жөнгө салынарын билдирди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан