Дагестанда Марта аттуу уй 3 музоо тууп, бодо малдардын арасында белгилүүлүгү артууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Уйдун ээсинин айтымында, Марта кадимкидей бир музоону жарыкка алып келген. Ээси музоону жууп-тазалап жаткан учурда уй ыйынып, дагы бир музоо тууган. Бир эсе таң калып, бир эсе кубанган пенсионер эки музоону жылуу сарайга жайгаштырып келсе, уюнун жанында дагы бир музоо жатыптыр. Пенсионер музоолоруна Мишка, Гришка жана Рита деген ысымдарды ыйгарган. Рита аттуу музоосу гана эң аз салмакта, 14 килограмм болуп жарыкка келген. Бирок көп өтпөй ирденип, салмак кошо баштаган.
"Марта 10 ай сайын төлдөп турат. Бул анын акыркы төлү эмес деп терең ишенем. Буга чейин бул уйду союшка бер деп бир нече сатуучулар келишкен. Негедир бул уюмду саткым келчү эмес",- дейт кубанган уйдун ээси.