Калининградда кыргыз мигранттарынын 3 жаштагы баласы сууга чөгүп көз жумду. Бул тууралуу 10-июнда Калининграддагы жергиликтүү маалымат булактарына шилтеме берүү менен "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, азыркы тапта тергөөчүлөр кырсык боюнча тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө. Окуя 8-июнда кечинде Емельянов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик үйдө катталган. Бала үйдүн алдындагы бассейнге чөгүп кеткен. 3 жаштагы баласы сыртта ойноп жаткан учурда анын ата-энеси үйдөгү оңдоо иштери менен алек болуп жатканы белгилүү болгон.