Жалал-Абад шаарынын аймагында сел арык, Чоко жана Кан арыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 11-июнда вице-мэр Турдалы Темирбаев билдирди.
Анын айтымында, жазда жааган жамгырдын кесепетинен сел ташкындары күч алган. “Мына ошондой жагдайды болтурбоо үчүн алдын ала 912 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджет тарабынан бөлүнүп берилген. Мындан сырткары 1 миллиондон сомдон ашуун каражат Транспортный көчөсүндөгү жолдун жээгине суу агызуучу арык курууга бөлүнүп, иштер жүрүп жатат”,- деди ал.
Ошондой эле Курманбек, Московский көчөлөрүнүн кесилишинин эки тарабынан Кыргыз Республикасы, Манас, Манас-Маяковский, Ленин-Пионерский көчөлөрүнүн кесилиштериндеги суу өткөрүүчү түтүктөр толук реконструкцияланды.
“Шаардын көчөлөрүн жарык кылуучу жалпы 644 электр мамысы болсо, анын 167си сырдалып бүттү”,- деп кошумчалады вице-мэр.
Айта кетсек, аткарылып жаткан иштер Шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө.