Алай районунда жол тосуп турган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош - Эркеч-Там унаа жолуна дагы төрт чатыр тигишти. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда жол тосууга катышып жаткандардын бири Жаркынбай Косонов билдирди. Айтымында, учурда 15 боз үй тигилип турат, Ош - Эркеч Там унаа жолу жабылуу бойдон.
Айта кетсек, 27-майдан бери жол тоскондор бийликке Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу, башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан алуу жана Алайдагы көмүр чыгуучу жайын улутташтыруу талаптарын коюп жатышат.