Жогорку Кеңеш шаарлардын башкы планын ачыктоо боюнча мыйзам кабыл алды
Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-июнда шаарлардын башкы планын ачыктоо боюнча мыйзам кабыл алды. Ага 98 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди. Каттоодон 99 депутат өткөн. Мыйзамдын толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү. Демилгечиси – депутат Дастан Бекешев.