Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Көчөдө баратсам алдымда ИИМдин коштоосу менен бир таанышым өтүп кетти. Таң калдым. ИИМдин узатуусунда мен дагы жүрсөм болобу көчө кыдырып? Кандай болгондо ИИМдин узатуусунда болом? Ага акча төлөнөбү? Тарифтерин жазып коёсуздарбы? Суроо калтырган Rich_girl.
Жооп: - ИИМдин унаалары жеке жаранды коштоп жүрүүсү каралган эмес. ИИМдин кызматкерлери мамлекет башындагы адамдарды, чет элден келген расмий делегацияны жана кандайдыр бир иш-чараларда балдар, коноктор отурган автобустарды, автоколонналарды өз унаалары менен коштоого алышат. Жеке жарандын көчө кыдыруусу үчүн ИИМдин унаасы менен коштоп жүрүү каралган эмес.
Суроого ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонов жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.