Өзгөн районунун акими лизингге келген тракторду Өзбекстанга сатып жибериптир

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исмаил Исаков:Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев 2008-жылы лизингге келген МТЗ 82 тракторун таанышы аркылуу Өзбекстанга сатып жибериптир”,- деп билдирди. Исаков бул боюнча прокуратурага азыр берерин айтты.

“Тажибаев ал тракторду жок дегенде эки-үч эсе кымбат сатты да. Сураштырып көрсөм, ал таанышын азыр Өзгөндөгү “Жибек Жолу” базарына директор кылып дайындаптар. Бул боюнча акимдин үстүнөн арыз берем”,- деди Исаков.

Жыйында айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып бул маселени чечүүгө кирише турганын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан