Ошто "баңгизатын сатуу менен алектенет" деп шектелген жаран 1 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июнда болжол менен саат 21:30да Калинин жана Ноокат көчөлөрүнүн кесилишинде «Транзит», «Укуктук тартип», «Көмүскө жайлар» операцияларын жүргүзүүдө Ош шаарынын 30 жаштагы жашоочусу колго түшүрүлгөн. Тинтүү учурунда анын жанынан 1 килограммдан ашуун баңгизат табылган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүүдө.