Ош шаардык мэриясы биргелешип каржылоо долбоорлоруна каражат бөлдү

Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаровдун жетекчилигинде иштеген мэриянын комиссиясы шаардын аймагында биргелешип каржылоо аркылуу ишке ашырылуучу 36 долбоорго жергиликтүү бюджеттен 4 миллион 134,5 миң сом акча каражатын бөлүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорлор негизинен АРИС программасы, «Евразия» фонду, жергиликтүү жашоочулардан жыйналган каражат жана Ош шаардык мэриясы тарабынан ишке ашырылат. 

Анда №12-аймактык кеңешине фельдшердик-акушердик пунктун куруу, Төлөйкөн кичи районунун 5-үйүнө, Кулатов кичи районунун 4-үйүнө, Ишматов көчөсүнүн 17-үйүнө балдар жана спорттук аянтчаларды куруу, Масалиев көчөсүндөгү 98-үйдүн жылытуу системин жана жер төлөсүн, Шакиров көчөсүндөгү 8-үйдүн суу берүү системин жана жер төлөсүн, Касымов көчөсүндөгү канализация системин капиталдык оңдоодон өткөрүү сыяктуу элдин көйгөйлүү маселелерин чечкен долбоорлор бар.

Жалпы 36 долбоорго кетүүчү каражаттын суммасы 83 миллион 765 миң сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан