Бишкекте 12-июнда каржы министри Ольга Лаврова “Министр байланышта” акциясына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ольга Лаврова алгач жарандык коомдун жана жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Аталган жолугушууда министр 2014-жылга карата министрликтин пландары, иштери, милдеттери жөнүндө да айтып бермекчи.
Ошондой эле акциянын алкагында министрдин катышуусундагы тегерек стол өтөрү пландалууда.