Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2-окууда колдоду. Мындай чечим парламенттин 11-июндагы жыйынында кабыл алынып, ага 94 депутат “макул”, 4 депутат “каршы” деп добуш берди.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоору чек ара аймактарында жашаган тургундардын үй-мүлкүн чет өлкөлүк жарандарга сатуусуна тыюу салат. Маселе бүгүнкү жыйында кызуу талкууланып, айрым депутаттар "бул мыйзам жарандардын укугун чектейт" дешсе, көпчүлүгү "бул мыйзам өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн абдан зарыл" дешкен.