Кыргызстанда суунун тартыштыгы күчөп жатканын бүгүн, 15-январда Бишкекте өткөн тегерек столдо КРнын Перспективалык изилдөө борборунун жетекчиси Сергей Масаулов билдирди. Айтымында, өлкөдө жылдан-жылга мөңгүлөрдүн саны азайып жатат. СССР маалында Кыргызстанда 8200 мөңгү болсо, 2009-жылы 1454 мөңгү калган. “Биз кошумча булактарды таап, мөңгүлөрдү сактап калышыбыз керек”,- деди Масаулов.