Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Катардын ортосунда 400 миң баш кой экспорттоо келишими түзүлдү

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жетектеген кыргызстандык расмий делегация Катар Республикасында 2 күндүк иш сапары менен болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууларда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өркүндөтүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөр болду. 2014-жылы Кыргызстандан Катарга 400 миң баш бир жарым жашка чейинки койду экспортоо тууралуу келишим түзүлдү.

Ошондой эле кыргыз делегациясы катарлыктарга кургатылган мөмө-жемиштер менен балдын үлгүсүн көрсөтүштү. Аны менен катар кыргыз делегациясы 2015-жылы Катарда өтө турган айыл чарба көргөзмөсүнө катышуу боюнча билдирүү да калтырышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан