Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Акназарова, Дастан Жумабеков Талас облусунун Кара-Буура районунан келген айылдык кеңештердин депутаттары менен жолугушту.
ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаттары айылдык кеңештердеги кесиптештерине Жогорку Кеңештин иши, мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат беришти.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча маселе көтөрүп, таза суу, көмөк чордондорду орнотуу, жолдордун оңдолушу сыяктуу маселелерди айтышты.
Парламент депутаттары айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилишине көмөктөшүүгө убада кылышты.