Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында өкмөт “Кумтөр” жана Ош шаарынын газсыз калышы боюнча жасалып жаткан иштер боюнча депутаттарга маалымат берет. Маселе каралар алдында депутаттар жыйынга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өзү келиши керектигин айтышууда. Дамира Ниязалиева: “Абдырахман Маматалиев менен Валерий Диль вице-премьер-министр болуп жаңы дайындалышты. Булар көп нерсеге жооп бере алышпайт”,- деди.
Жыйында Алайда жолдун тосулуп турушу боюнча да суроо-жооп болмокчу.