Кыргызстан “Танктар биатлону-2014” Эл аралык мелдешине катышат

Кыргызстан Орусияда өтүүчү “Танктар биатлону-2014” Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6 айдын ичинде Кыргызстандын танк экипаждары машыгуу жана даярдоо иштерин жүргүзгөн. Буга бардык аскер түзүмдөрүнөн 20 экипаж түзүлгөн. Аталган мелдешке катышууга аларга атайын форма тигилген.

Белгилей кетсек, Орусияда өтчү “Танктар биатлону-2014” мелдеши 28-июлда старт алат. Анда 15 мамлекет катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан