Жогорку Кеңеш “Кумтөр” жана газ маселеси боюнча маалымат угуу үчүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди күтүүдө. Жыйында вице-премьер-министр Валерий Диль баяндама жасамакчы болду эле, депутаттар каршы чыгышты. “Кумтөр” маселеси каралып жатканда бул киши вице-премьер эмес болчу, эми кантип баяндама жасамак эле?”- дешти депутаттар.
Депутат Заирбек Жоошбаев бул маселеде эл аралык мамилелерге терс таасирин тийгизе турган сөздөр айтылышы мүмкүн экенин белгилеп, газ көйгөйүн жабык форматта кароону сунуштап, бирок өтпөй калды.
10 мүнөттүк танапис жарыяланды, жыйынга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин келиши күтүлүүдө.