Өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдиргендей, Талас шаарындагы “Кырк чоро” кинотеатры КРнын Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин жана айрым эл аралык уюмдардын колдоосу менен жаңыланды. Тактап айтканда, 297 орундуу бул кинотеатрга жаңы пол төшөлүп, жылытуу жана желдетүүчү каражаттар орнотулду. Мындан сырткары жаңы орундуктар коюлуп, өрт өчүрүүчү шаймандар менен да толук жабдылды. Аталган министрлик имараттын сыртын оңдоп-түзөө иштерине жана имараттын ичинде жайгашкан "Жаштар борборун" жаңылоо үчүн 108 695 доллар бөлүп берген.