Бишкекте уурулукка шектелип 24 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди.
Милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын Баатырбек аттуу тургуну кайрылып, белгисиз адамдар үйүнө уурулукка кирип, 10 миң сомго бааланган уюлдук телефонун уурдап кетишкенин кабарлаган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Нарын облусунун Куланак айылынын 24 жаштагы Айзат аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.