Маалыматка ылайык, аталган филиалды ачуу жөнүндө макулдашууга "Кыргыз патенттин" жетекчиси Сияпат Батырканова менен Ысык-Көл мамлекеттик университетинин проректору Рысбек Абылгазиев кол коюшту.
“Филиалды ачуунун негизги максаты жогорку сапаттагы илимий-техникалык маалыматтын булагы менен камсыз кылуу болуп эсептелет”,- дейт С.Батырканова.
Ошондой эле "Кыргыз патенттин" адистери тарабынан аталган ЖОЖдун окутуучулары менен студенттери үчүн эл аралык маалыматтык базаны колдонуу менен патенттик маалыматтарды издөө боюнча тренингдер да өткөрүлдү.