Депутаттардын кеңешчилери менен жардамчыларын сынаксыз ишке кабыл алууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-июнда четке какты.
“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун депутат Курмантай Абдиев сунуштаган эле.
Киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мамлекеттик саясий кызматтагы адамдардын кеңешчилери жана жардамчылары мамлекеттик административдик кызматтарга сынактан сырткары дайындоо тартибинин күчүн жоготту деп эсептөө сунушталган.