Улуу Британияда "Титан" ишканасы тарабынан дүйнө жүзүндөгү эң чоң жана эң кымбат сыналгы сатыкка чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, «Зевс» («Zeus») деп аталган сыналгы 1,6 миллион АКШ долларына бааланууда. Экранынын узундугу 8, бийиктиги 5 метр, диагоналы 370 дюйм (9,4 метр), ал эми салмагы 1 тоннага жакын.
Бул сыналгынын өзгөчөлүгү - бир убакта 20 каналды көрсөткөндүгү жана экранынын 65 миллион түстү бере алгандыгы. Аталган сыналгыны кыймыл-аракет, жаңсоо менен башкарууга болот жана бөлмөдөгү жарыктын берилишине карата түсүн өзгөртө алат.
"Титан" ишканасынын негиздөөчүсү Энтони Ганжунун айтымында, учурда мындай сыналгыдан төрт даана жасалууда. Алардын экөөсүн буюртманын негизинде кабыл алышкан. Сыналгынын бирин британиялык миллионер короосуна орнотуу үчүн сатып алууда. Ал эми экинчи сыналгы болсо Канн курортундагы отелдердин бирине орнотулат.
Белгилей кетсек, буга чейин "Панасоник" ишканасы чыгарган сыналгы дүйнөдөгү эң чоң сыналгы деп саналып келген. Анын диагоналы 152 дюймду (3,9 метр) түзгөн.