Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева менен Роза Акназарова бүгүн, 11-июнда АКШнын изилдөө жана аналитикалык борборлорунун делегациясы менен жолугушту. Анда Жогорку Кеңештин социалдык тармакта жүргүзгөн иштери тууралуу пикир алышуу болду.
Ниязалиева КРнын Конституциясында Кыргызстан эгемен, демократиялуу, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, ошондой эле социалдык мамлекет болуп санала турганы жөнүндө ченем бекитилгенин белгиледи. "Ошол себептен биздин өлкөдө мамлекеттик бюджеттин 50 пайыздан ашуун каржы каражаты социалдык керектөөлөргө жумшалат",- дейт депутат.
Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзө турган мыйзам базасын түзүү жаатында ири иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады депутат.