Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүүчү 105 окуу жай бар

Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүүчү 105 окуу жай бар. Маалымат бүгүн, 11-июнда парламентте кесиптик-техникалык билим берүүчү жайлардын абалын изилдеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын кароо учурунда айтылды.  

Депутаттык комиссиянын төрагасы Абдимуталип Кочкорбаевдин билдиришинче, 2014-жылдын 1-январына карата мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуган окуучулардын саны 26 300. Кесиптик билим берүүчү окуу жайларда 125 түрдүү кесип боюнча жаш жумушчу кадрларды даярдашат. Иликтөөдө аталган багыттагы окуу жайлардын эмгек жамааттары окуу материалдарына акча бөлүнбөгөнүн, окуучуларга стипендия  берүүнүн кошумча критерийин иштеп чыгуу зарылдыгын, окуу корпустары, устаканалар, жатаканалар капиталдык оңдоону талап кылып жатканын айтышканын билдирди депутат. 

Айрым лицейлерде окуучулардын сабактарга катышуусу өтө начар экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан