КРнын Акыйкатчы кызматына учурда 12 талапкер арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы Барнохан Сабирова билдирди. Белгилүү болгондой, акыйкатчы 5 жылга шайланат, учурдагы акыйкатчынын мөөнөтү ушул жылдын 21-февралында аяктайт. “23-январда ЖКнын пленардык жыйынында жаңы акыйкатчы тандалмакчы. Учурда 12 талапкер арыз менен кайрылды” деп кошумчалады Сабирова. Талапкерлердин катарында учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да бар. Ал эми ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн, 15-январдагы жыйынында экс-юстиция министри Марат Кайыповдун жана Эльмира Мырзабекованын талапкерлигин сунуштады. Айта кетсек, Марат Кайыповду “Ата Мекен” жана “Республкиа” партиясы, ал эми Эльмира Мырзабекованы “Республика” партиясы сунуштоодо.