КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы кечээ, 10-июнда Беловодск психоневрологиялык балдар үйүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлери балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жалпы суммасы 20 миң сомдук азык-түлүктөрдү жана жууп-тазалоочу каражаттарды тапшырышты.