Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада улуу жазуучунун эстелиги ачылды

Бүгүн, 15-январда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада улуу жазуучунун эстелиги ачылды.   Эстеликтин авторлору - скульпторлор Жолдош Бусурманкулов жана Марлен Бакачиев. Иш-чарага бир катар мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси Ильгиз Айтматов катышты.  

Эстеликтин авторлору Маданият жана туризм министринин буйругу менен "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты. Сыйлыкты Маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев тапшырды. “Эстеликти өткөн 2012-жылдын ноябрь айында жасап баштаганбыз. Анын ичи гипстен, сырты коло менен капталган. Бирок аны дал өзүнө окшоштуруу бир аз кыйыныраак болду. Айтматовдун сүрөттөрүн, киного тартылган элестерин бир канча ирет карап чыктым”,- деди Жолдош Бусурманкулов. Айта кетсек, эстеликте Чыңгыз Айтматовдун 55 жаш курагы чагылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан