Депутаттар "Кумтөр" жана газ маселесин талкуулоону эртең улантышат

Жогорку Кеңештин депутаттары "Кумтөр" жана газ маселесин кароону эртең, 12-июнда улантышат. Бул тууралуу депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Айтымында, жыйында "Кумтөр" жана газ маселелери боюнча өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин жана вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин маалыматтары угулду.

Айта кетсек, аталган маселе бүгүнкү жыйында жабык эшик артында каралды. Жыйынды жабык форматта улантууга 52 депутат "макул", 22 депутат "каршы" деп добуш беришкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан