Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева менен Роза Акназарова бүгүн, 11-июнда АКШнын изилдөө жана аналитикалык борборлорунун делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда Жогорку Кеңештин социалдык тармакта жүргүзгөн иштери тууралуу пикир алышты.
Депутат Д.Ниязалиева КРнын Конституциясында Кыргызстан эгемен, демократиялуу, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, ошондой эле социалдык мамлекет болуп санала турганы жөнүндө ченем бекитилгенин белгиледи. "Ошол себептен улам биздин өлкөдө мамлекеттик бюджеттин 50 пайыздан ашуун каражаты социалдык керектөөлөргө жумшалат",- дейт ал.
Д.Ниязалиева жолугушуу катышуучуларын өзү жетектеген тармактык комитеттин иши менен тааныштырды. Эл өкүлүнүн айтымында, Социалдык саясат боюнча комитет социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзө турган мыйзам базасын түзүү жаатында ири иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.
"Биз иштеген мезгил аралыгында медицина кызматкерлери менен мугалимдердин эмгек акысы үч жолу жогорулатылды. Андан тышкары пенсия көлөмүн көтөрүү боюнча да иштер жүргүзүлдү. Социалдык көйгөйлөрдү чечүү Жогорку Кеңеш ишинде өзгөчө орунду ээлейт",- деп кошумчалады Ниязалиева.
Ал эми депутат Р.Акназарова Жогорку Кеңеш калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү ишине басым жасоо менен бирге жалпы эле кыргызстандыктардын татыктуу жашоо укугун коргоо жаатында да зарыл чараларды кабыл алып жатканын баса белгиледи.
Жолугушууга АКШнын изилдөө жана аналитикалык борборлорунун жетекчиси, АКШнын изилдөө жана аналитикалык борборлорунун доценти Дебора Харрис О’Брайен, АКШнын Жонс Хобкинс университетинин профессору Алмаз Бейшеналиев, АКШнын изилдөө жана аналитикалык борборлорунун эксперттери менен илимий кызматкерлери Сарабрин Худгинс, Рода Маржессон, Лори Энн Уоткинс, Дуглас Лейтон Бандоу, Пол Артур Маршалл, Эрик Бальфур Браун катышты.