Ысык-Көлдө 21-июнь күнү Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Семёнов айылындагы Кырчын жайлоосунда “Ынтымак” аталышындагы курултай өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу кечээ, 11-июнда администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара жергиликтүү элди ынтымакка, биримдикке, достукка үндөө максатында өткөрүлмөкчү.
Курултайга Ысык-Көл районунан чыккан коомдук ишмерлер, академиктер, профессорлор, чыгармачыл адамдар, жазуучулар жана башка элге эмгеги сиңген инсандар катышуусу күтүлүүдө.