Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

Бүгүн, 12-июнда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында көмөк чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Душанбинская, Сухомлинов, Целинная, Дизельная, Осмонкул, Салиев, Кошарская, Фрунзе, Ахунбаев, Матросов, Скрябин  көчөлөрүндө, Эне-Сай, Дордой-2 конуштарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Ошондой эле Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылындагы "Чекиш-Ата" базарынан тарта чоң жол тарапты көздөй Восток айылында, Чүй районундагы Искра, Кош-Коргон, Кара-Дөбө айылдарында, Панфилов районуна тийиштүү Панфилов, Чорголо, Орто-Арык айылдарында айрым көмөк чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан