Кыргызстандын вице-премьер-министрлери 13-июндан 15-июнга чейин региондорго чыгып, өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсү боюнча калкка жана жергиликтүү активдерге түшүндүрмө беришмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасы 29-майда Астанада кабыл алынган.