Кыргызстанда өзбек, тажик тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуу сааттары көбөйтүлөт

Кыргызстанда жалпы орто билим берүү мекемелерин реформалоо долбоорунун алкагында 716 саат кыскартылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Абдыманап Муратов билдирди. Айтымында, кыргыз тилин мектептерде окутуу сааттары көбөйтүлөт. “Орус тилдүү мектептердин 5-класстары үчүн аптасына бир сааттан кыргыз тили сабагы киргизилет. Өзбек жана тажик тилдүү мектептерде да мамлекеттик тилди окутуу сааттары көбөйтүлөт”,- дейт Муратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан