Кыргыз-казак чек арасында аткезчилерге курал колдонулуп, бирөө жабыркады

Кыргыз-казак чек арасында аткезчилерге курал колдонулуп, бирөө жабыркады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 12-июнда билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-июнь күнү Чүй облусунун Кемин районунда 3 жаран унаасы менен Кыргызстандан коңшу Казакстан өлкөсүнө контрабандалык жүк алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар чек арачылардын токтотконуна карабай ок атуучу куралдан ок чыгарышкан. Мындан улам чек арачылар унааны дөңгөлөккө аткылашкан. Анын натыйжасында аткезчилердин бири бутунан жараат алган. Учурда анын абалы канааттандыралык. Чек араны бузуучулардын экөөсү унаасы менен качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан