Ош шаарында куткаруучулар 10 жашар баланы аман сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 11-июнь күнү Ош шаарындагы Жекелик каналына бир бала кыпчылып калган. Куткаруучулар окуя болгон жерге барышып, 2004-жылы туулган Исламбек Исакжановду каналдын тоннелине кыпчылып турган жеринен куткаруучу шаймандардын жардамы менен чыгарышкан.