Ырчы, обончу Бек Борбиев “Аселдейим” аттуу ырына клип тарттырды. Клипти “Алас-медиа продакшн" студиясы 1 айдын ичинде тартып бүтүрдү. “Клиптеги кадрлар “Мен сүйгөн карагат” тасмасынан алынган, тасманы улантып койдук десек болот. Себеби тасмадан айырмаланып, клипте сууга агып кеткен кыз кайра кайтып келет” деген клип жаратуучулар "тартууга көп деле чыгым кеткен жок, себеби техниканын баары өзүбүзгө тиешелүү” дешти.