Бүгүн, 12-июнда Бишкекте “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, миграциялык процесстерге кандай таасири тиет?” аттуу тегерек стол өтөт.
Иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, экономика министринин орун басары Данил Ибраев, парламент депутаты Дамира Ниязалиева, Миграциялык саясат боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек Сартбаев чакырылган. Мындан тышкары чет өлкөлүк адистердин катышуусу пландалган.
Тегерек столдун уюштуруучулары - Борбор Азиядагы Америка университети жана "Тянь-Шань" аналитикалык борбору.