Асылбек Жээнбеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын V пленардык жыйынына катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Азербайжандын Баку шаарына Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын V пленардык жыйынына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Иш сапардын жүрүшүндө Жээнбеков Азербайжандын президенти Ильхом Алиев менен жолугушуусу пландаштырылууда.

Ошондой эле ТүркПА пленардык жыйынынын ишине катышуу алкагында Азербайжандын парламентинин Милли Мажилис төрагасы Октай Асадов жана Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы Кабибулла Жакупов менен эки тараптуу жолугушуулар болот.

Төрага башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы Г.Алиевдин эстелигине гүлчамбар коюу жөрөлгөсүнө катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан