Баткен районунун тургундары Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулуш ишинин тездетилишин каалашат. Бул тууралуу 11-июнда өткөн маалымат жыйынында Баткен районунун элинин атынан келген жергиликтүү тургундар билдиришти.
Анда буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков атайын делегациянын коштоосунда Баткен жергесине барып, маселе менен жеринде таанышкан. Бирок чек аралаш жайгашкан аймактардагы маселелердин чечилиши тездетилбегендигинен улам бүткөрүүгө муктаж болгон жолдун курулушу токтоп тургандыгын айтышты.