Бүгүн, 12-июнда парламенттин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров түштүктөгү чек ара маселесин көтөрдү. Өзбекстан тарап чек арасын Кыргызстан тарапка 300 метрден 1 чакырым аралыкка чейин жылдырып жатканын билдирди.
“Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында Өзбекстандын чек арасы биз тарапка жылып жатат. Ушуга эл тынчсызданууда. Мисалы, Сузак районунун Кара-Дарыя айылында Өзбекстандын чек арасы 300 метрге кирип кеткен. Бир топ жыл мурун чек ара Кара-Дарыя каналынын аркы тарабында болсо, азыр берки тарабында турат. Дарыянын аралыгы 300 метр. Демек, 300 метрге жылып киришиптир. Маселени тез арада чечип берүүңүздөрдү суранам”,- деди Бакиров.