Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Баткен райондук китепканасы жабылып калуу коркунучунда экенин айтып чыкты. Бул боюнча Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаковду сындады депутат. “Облустагы аткезчилик кылмышын токтотууга алы жетпеген облус башчы райондук китепкананын жетекчисине күндө асылат экен. Китепкананын башчысы Топчугүл Пирматовага “китепкананы жап” деп жатыптыр. Райондук китепкана сөзсүз керек, тескерисинче, ал китепканага облустук статус берели”,- дейт депутат.
Жыйында ар түрдүү маселелер айтылууда.