Кара-Суу райондук сотунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош облусунда Кара-Суу райондук сотунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы бүгүн, 12-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 43 жаштагы А.А. аттуу жаран кайрылып, Кара-Суу райондук сотунун сот аткаруучусу, 32 жаштагы  Б.Ы. алимент баракчасын жок кылуу үчүн 6000 сом пара талап кылгандыгын айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, 6 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен сот кызматкери кармалды. 

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан