Каракол шаарында бүгүн, 12-июнда этникалык мамилелер маселелери боюнча коомдук консультациялык кеңешмеси расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кеңешменин максаты - Каракол шаарынын аймагындагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана сактоого көмөк көрсөтүү. Ошондой эле жарандарга жана коомчулукка этникалык аралык мүнөздөгү жаңжалды болтурбоо жана алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында ачылууда.
Аталган кеңешменин курамына Каракол шаарынын бардык диаспораларынын мүчөлөрү, коомдук бирикмелердин жана жаштар кыймылынын өкүлдөрү киришет.