"Кримавторитет" Алманбет Анапияев калыс тергөө камсыз кылынса, Кыргызстанга кайтып келүүгө даяр. Муну парламенттин 12-июндагы жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров спорт чеберлерине шилтеме берүү менен билдирди. Депутатка бул маселе боюнча өлкөдөгү 36 спорт өкүлү кайрылыптыр.
“Жакында Камчы Көлбаев боюнча соттун акыркы чечими чыкты, юридикалык жактан жоопкерчилик тартты. Ошол себеп болдубу билбейм, мага Олимпиада чемпиону баштаган 36 спорт өкүлү кат жазыптыр. Ага (ред. Анапияевге) мүмкүнчүлүк берели деп жатышат. Ал киши өлкөгө келүүгө, сот алдында жооп берүүгө деле даяр экен, бирок калыс тергөө болушун камсыз кылууну суранып жатыптыр”,- деди депутат.