“Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, кыргызстандык мигранттар үчүн шарттар жакшы жакка өзгөрөт”,- деген пикир менен бөлүштү бүгүн, 12-июнда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Экономика министрлигинин адиси Кубат Өмүрзаков.
Анын айтымында, Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүчөсү болуу эмгек мигранттарына ушул уюмдун өлкөлөрүнүн ичинде жашоо жана эмгектенүүгө ылайыктуу шарттарды түзүп берет. “Мындан тышкары бул өзгөрүүлөр мигранттардын үй-бүлөлөрүнө да таасирин тийгизет. Алар үчүн да шарттар бир топ жакшыртылат. Мисалы, документтерди каттоодо же жумушка орношууда тартиптер жеңилдетилет”,- деди адис.