Депутаттар Ош аэропортунун салыгын Нариман айылына которууну сунушташты

Ош аэропортунун салыгын Кара-Суу районундагы Нариман айылына которуу сунушталууда. Муну парламенттин 12-июндагы жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров айтып чыкты.“Ош аэропорту Нариман айыл өкмөтүнө караштуу аймакта жайгашкан. Бирок салыкты Ош шаардык мэриясына берип келет. 18 миллион сом мэрияга көп деле акча эмес, бирок айыл өкмөтү үчүн чоң эле акча. Ушуну калыс чечип берели, салыкты аталган айылдын өзүнө которолу. Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге да айткам, ал кишинин иши көп, унутуп калса керек”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан